Редакцияот 11.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 9 сессиясы

 

2015-жылдын 11-апрели № 4

Казыбек айылындагы “Орто-Келтебик ” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык бирикмесинин тарифин жана бюджетин бекитүү боюнча Казыбек айылынын жалпы жыйналышынын №5 протоколу жөнүндө

     Казыбек айылындагы “Орто-Келтебик ” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык бирикмесинин тарифин жана бюджетин бекитүү боюнча Казыбек айылынын 15-апрель 2015-жылы өтүлгөн жалпы жыйналышынын №5 протоколунун негизинде,  айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек айылынын “Орто-Келтебик” СООППВнын бюджети бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. “Орто-Келтебик” СООППВнын ичүүчү сууга болгон тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:

1)жарандарга ичүүчү суу үчүн 1  (бир) жанга 10 сом;

2)үйүнө суу киргизгенден кийин ар бир жанга 20сом;

3)мектеп, бала бакча, ҮДТ, мечиттер үчүн ичүүчү сууга айыл өкмөтү аркылуу жылына 15700 сом бюджеттен бөлүнүп берилсин.

3.Сууну пайдаланууда тартипсиздикке жол берүүчүлөргө төмөндөгүдөй айыптар салынсын:

1)автомашина жууганга-1000сом;

2)малды чоргодон суугарганга-1500 сом;

3)балдар ойносо-300 сом, сындырсы төлөйт, 1000 сом айып салынат;

4)шланг менен суу куйса-1000 сом;

5)кальцонун ичине  уруксаты жок түшсө-1000 сом;

6)колонканы басып байлап койсо-500 сом;

7)тряпка, кир жууса-3000 сом4

8)колонкага ат байлап же автомашина менен  сүзүп сындырса төлөйт жана

    3000 сом айып салынат;

9)уруксатсыз үйүнө суу киргизиа ласа-10000 сом;

10)көчөнү бузуп таштаса-5000 сом;

11)огород сугарса-5000 сом

3.Ар бир үй-бүлө үйүнө суу киргизүү үчүн айыл өкмөтүнүн “Орто-Келтебик” СООППВнын жетекчиси Т.Абдыгазиев  келишим түзүлсүн жана сууга болгон төлөмдөрүн өз убагында төлөнүүсүнө көзөмөл кылып турсун.

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров