Редакцияот 21.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 12 сессиясы

 

2015-жылдын 21-августу № 3

Казыбек айылынын тургуну  Чернобыль АЭСнин катышуучусу Сыдыкбеков Алдакулга айылдын

“Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө

 

     Казыбек айылынын тургуну Чернобыль АЭСнин катышуучусу Сыдыкбеков Алдакул 1986-жылы 8-сентябрдан  5-ноябрга чейин Чернобыль апаатын жоюуга катышкан. 2011-жылы “Боевое братство”, “Чернобыльское братство” сыяктуу бир нече медалдар менен сыйланган. 2014-жылы 26-апрелинде “Герой Чернобыля” ордени менен сыйланган Жогорудагы эмгектерин эске алып айылдын “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо максатында,  айылдык Кеңеш

токтом кылат:

1.  Казыбек айылынын тургуну, Чернобыль АЭСнин катышуучусу Сыдыкбаев Алдакул айылдын “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.

2. Чернобыль АЭСнин катышуучусу Сыдыкбаев Алдакулга – айылдын “Арадактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн, айыл өкмөтүнүн жалпы жыйынында салтанаттуу тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго сунушталсын.

4.Бул токтом айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөнтүлсүн.

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров