Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 13 сессиясы
2015-жылдын 9-сентябры № 5
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келген техникадан
түшкөн доходдун сметасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселел боюнча айылдык кеңештин төрагасы Б.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн 1-сентябрь 2015-жылы техникалардан түшкөн кирешелердин эсебинен 200000-00 сомунун сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
2. Жогоруда аталган доходдун чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
2111 эмгек акы 60000-00
2121 соц фонд 10400-00
2214 транспорттук аражат 80000-00
2215 ар түрдүү чыгым 49600-00
Баары: 200000-00
3. Казыбек айыл өкмөтүнө келген техникалардан келип түшкөн доходдон атайын эсеп счетуна төгүлүп келип түшкөн акча каражатынын 30% техниканы айдаган адамдын эмгек акысына берилсин, ар түрдүү чыгымдарга жана келген техникаларга автол жана ар түрдүү запчастар менен камсыз болунсун.
4. Казыбек айыл өкмөтүнүн 2015-жылы түшкөн доходдун 200000-00 сомдун сметасы бекитилсин жана акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |