Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 14 сессиясы
2015-жылдын 21-октябры № 1
Казыбек айылынын Сыдыкбеков Асан
көчөсүнүн жашоочуларынын арызы жөнүндө
Казыбек айылынын Сыдыкбеков Асан көчөсүндө таза суу системасы жок болгондуктан кошумча система киргизүү үчүн 1500 метр жерди казып труба орнотуп кайра көмүү үчүн тракторго күйүүчү майга акча каражатына жардам берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылынын Сыдыкбеков Асан көчөсүндө таза суу системасы жок болгондуктан кошумча система киргизүү үчүн 1500 метр жерди казып труба орнотуп кайра көмүү үчүн тракторго күйүүчү майга 120000 сом акча каражаты жардам берилсин.
2. Сыдыкбеков Асан көчөсүнүн арызын канаттандыруу максатында күйүүчү майга 120000 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |