Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 14 сессиясы
2015-жылдын 21-октябры № 2
Казыбек айылындагы “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасынын
директору Г.Молдакунованын кайрылуусу жөнүндө
Казыбек айылындагы “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасынын директору Г.Молдакунованын кайрылуусун канааттандыруу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасындагы балдардын дары-дармеги үчүн 5000 сом акча каражаты жана “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасынын ашканасы үчүн вытяжной зонтко (шкаф) 6000 сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 25-августундагы № 619 токтому жана 2009-жылдын 6-майындагы № 277 токтому менен бекитилген балдар бакчасынын материалдык –техникалык базасын чыңдоо максатында ата-энелердин өз каалоосу менен жылына бир жолу төлөнүүчү фонд 340 сом болуп бекитилсин.
3. “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасына тиешелүү акча каражаттарын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |