Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 14-сессиясы
2015-жылдын 21-октябры № 5
Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Келтебик СПАнын директору
Курманбеков Маликтин сунушу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Келтебик СПАнын директору Курманбеков Маликтин сунушун канааттандыруу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-жылы уюшулган Баш-Келтебик СПАсына цемент канал карамагына кирип, Кошой канал менен БСР кирбей калган. Баш-Келтебик СПАсы 2004-жылдан бери Кошой каналын иштетип жаткандыгына байланыштуу БСР жана Кошой каналы Баш-Келтебик СПАсынын карамагына алынуусу сунушталсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |