Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 14-сессиясы
2015-жылдын 21-октябры № 6
Казыбек айыл тургуну Алмамбетов Байтиктин арызы жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну Алмамбетов Байтиктин арызы жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын суранычын канааттандыруу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169- токтому менен бекитилген Убактылуу Жобонун 14-пунктуна ылайык, Казыбек айылынын тургуну Алмамбетов Байтикке “Сары-Гоо” участкасындагы № 727 контурунда жайгашкан бузулган эски кыштоонун ордуна менчикке там, сарай салуу үчүн 0,04 (төрт) га жерге уруксат берүү сунушталсын.
2. Бул сессиянын токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн чечимин жана токтомун чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |