Редакцияот 01.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы

 

2015-жылдын 1-декабры № 6

Казыбек айыл аймагынын конкурстук комиссиясы

сунуштаган көйгөйлөрдү талкуулоо жөнүндө

 

Казыбек айыл аймагынын конкурстук комиссиясы сунуштаган көйгөйлөрдү таолкуулоо максатында, айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек айыл аймагынын конкурстук комиссиясы сунуш кылган көйгөйлөрдүн ичинен  Казыбек айылына жаштардын ден-соолугун чыңдоо максатында кичи күрөш залы толук ремонттоо, жылуулугун камсыз кылуу жана тегерегин тосуу жагы АРИС-3 долбооруна сунушталсын.

2.Жаңы-Күч айылында ири долбоорго спорт зал куруу жагы АРИС-3 долбооруна сунушталсын.

3.Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров