Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № II/VI
Жер участокторун бир түрүнөн башка түрүнө которууга (трансформациялоого)
сунушталган документтерди кароо жөнүндө
1. Ача-Кайыңды айылынын тургуну Капыржанов Рахматулланын “мадан-сарай” участогундагы союз мезгилинде курулган сарайынын жер аянтын короо алдындагы жер аянтка которуп берүү боюнча кайрылган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу максатында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 156-б буйругуна ылайык түзүлгөн жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 9 протоколу Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
3. Ача-Кайыңды айыл аймагынын Мадан-сарай участогундагы союз мезгилинде курулган сарайдын оорду жалпы аянты 0,96 га жери айыл чарба категориясынан курулуш алдындагы жерлердин категориясына которулгандыгы эске алынып Кадыржанов Рахматулланын менчигине бекитилип берилсин тиешелүү укуктук документтер менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Кожомбердиевге милдеттендирилсин.
Ача-Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Г.Асанова |