Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № II/VIII
Ача-Кайыңды айыл аймагынын 2013-2017-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планына толуктоолор киргизилсин.
2. Ача-Кайыңды айыл тургундарынын негизги көйгөйлөрүн эске алып АРИС программасынын ПСИ-3 долбоору менен айыл аймагына айылдык клуб салуу жана Ача-Кайыңды айылдык бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү жагы жетекчиликке алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Б.Сатиевге тапшырылсын.
Ача-Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Г.Асанова |