Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № I/VI
Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жеринин ичинен ОсОО “Нур Телеком” компаниясына арендага макулдук берүү жөнүндө
1. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Н.Асаналиев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчик жердин ичинен 16 (он алты) квадрат метр жер участогу ОсОО “Нур Телеком” компаниясына айыл өкмөтүнүн келишимдин негизинде арендага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Ача-Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Г.Асанова |