Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № IV/I
Ача-Кайыңды айыл аймагында жаңы курулуп жаткан ФАПтын
имаратына Ажиева Аликенин наамын ыйгаруу жөнүндө
Жогорудагы маселе боюнча Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттары угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайыңды айыл аймагында курулуп жаткан ФАПтын имаратына Ажиева Алымбубунун (Аликенин) наамын ыйгарып берууну сурап кайрылган балдарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайыңды айыл аймагында айылдык медицина тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алынып айылдык ФАПка Ажиева Аликенин наамы ыйгарылсын.
3. Жаңы курулуп жаткан айылдык ФАП пайдаланууга берилгенден баштап “Ача-Кайыңды айыл аймагынын Ажиева Алике” атындагы айылдык ФАП деп аталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сатиевге тапшырылсын.
Ача-Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Керимбаев |