Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-майы № 27/1
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчиктеги өзгөрүш айылындагы С Райымбеков атындагы орто мектебинин Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 17-июнь 2004-жылдагы 1\1 токтому менен бекитилген 23307,30 м2 жер аянтын биринчи жана экинчи корпустарын жер аянты менен эки кыймылсыз мүлк кылып каттоо жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу өзгөрүш айылындагы С Райымбеков атындагы орто мектебинин 17-июнь 2004-жылдагы №1\1 токтому менен бекитилген 23307,30м2 жер аянтын биринчи жана экинчи корпустары жер аянттары менен эки кыймылсыз мүлк болуп катталсын.
2. С Райымбеков атындагы өзгөрүш орто мектебине биринчи кыймылсыз мүлк күн батыш тарабынан 20513,3м2 жер аянты корпусу менен, экинчи кыймылсыз мүлк «Үмүт-өзгөрүш» бала бакчасына 2794,0 м2 жер аянты корпусу менен кыймылсыз мүлк болуп чыгыш тарабынан каттоодон өткөрүлүп бекитилип берилсин.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн заседаниесинен суралсын.
Талды-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Молоев |