Редакцияот 03.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Майдан айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2014-жылдын 3-октябры № 2/3

Майдан айылдык Кеңешинин Депутаттарынын курамын толуктоо жөнүндө

Майдан айылдык кеңешинин Депутаттарынын курамын толуктоо Нурматов Алтынбек Саитович айыл өкмөт башчысы болуп шайланганына байланыштуу Майдан айылдык кеңешинин VI чакырылыш II сессиясында карап жана талкулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майдан айылдык кеңешинин №8195 Исамариям шайлоо учаскасынан шайланган депутат Нурматов Алтынбек Саитович айыл өкмөт башчысы болуп шайланганына байланыштуу депутат ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун .

2. Майдан айылдык кеңешинин №8195 Исамариям шайлоо учаскасынан шайланган депутаттардын тизмесине толуктоо киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктуна ылайык, шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкер Нишанов Шерали Базарбаевичке берилсин.

3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж Амизаевке жүктөлсүн.

 

 Майдан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Курмушиев