Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 29-марты № 2/4
Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов орто мектебинде жетекчилери алмашып жаткандыгына байланыштуу мектеп директорунан кийинки орундагы жетекчилерин жергиликтүү айылда жашаган билимдүү жаш мугалимдерден шайлоо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов орто мектебинде жетекчилери алмашып жаткандыгына байланыштуу мектеп директорунан кийинки орундагы жетекчилерин жергиликтүү айылда жашаган билимдүү жаш мугалимдерден шайлоо боюнча, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткуловго жана А.Койчуманов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатына төмөндөгү жаш кадрларды жалпы айыл элинин өкүлү катары Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин дептутаттарынын атынан сунуштайбыз:
1. Койгелдиева Назгүл,
2. Осмоналиева Замира,
3. Султангазы уулу Бекболот,
4. Жусупбекова Нурила,
5. Сыдыкова Нуржан.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын, өзүмө калтырам.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |