Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 20-апрели № 3/2
№20 жол тейлөө ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин IX чакырылыштагы 3-кезексиз сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Көл-Суу» көпүрөсүнүн курулушуна суу чыгуучу жана суу кирүүчү эки жагын дамбылоо үчүн «Бөрү-Уюк» коктусунан чоӊ таш алуу үчүн уруксат берилсин.
2. Жумуштар аткарылып бүткөндөн кийин рекультивацияланып, таш алынган жерлер түздөтүлүп берилсин.
3. «Бөрү-Уюк» коктусунан чоӊ таш алгандыгы үчүн №20 жол тейлөө ишканасы которуп берчү акча каражаты жайыт комитетинин счетуна которулуп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |