Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 27-июну № 4/1
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетине түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-2019-жылдарга карата бюджетинин прогнозунун долбоорун бекитүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылындагы курулган парктын документтерин бүткөрүүгө 10 038 (он миң отуз сегиз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бирдик айылындагы курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын курулушун бүткөрүүгө 122400 (бир жүз жыйырма эки миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Экологиялык фондго жаз айларындагы алынып келинип, тигилген көчөттөргө 14000(он төрт миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
4. Ак-Моюн айылдык клубунун башчысы Ж.Аалиевге баннер жасатууга 300 (үч жүз) сом, айылдык контордун алдындагы маалымат тактаны ремонттоого 700(жети жүз) сом бардыгы 1000(бир миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
5. Бүткүл Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюнуна катышууга 20 000(жыйырма миң) сом акча каражаты каралсын.
6. Шырдак фестивалын өткөрүүгө жол киреси үчүн 5000(беш миң)сом акча каралсын.
7. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүү үчүн концелярдык товарларды алууга: 10 000 (он миң) сом, принтерлердин картриджин краска салууга 5000(беш миң) сом акча каражаты бөлүнсүн. Бардыгы 15 000 (он беш миң) сом.
8. Ак-Моюн айылындагы төрт көчөгө чуңкур жерлерин түздөп шагыл төгүү үчүн 12000(он эки миң) сом которулсун.
9. “Бирлик-Таазими” балдар бакчасынын аренда акысына 7200(жети миң эки жүз) сом бөлүнүп берилсин.
10. Ак-Моюн айылдык клубунун тазалагычы Г.Асаналиевага имаратты тазалоого керектүү жабдыктарын алуу үчүн 1500 (бир миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
11. ФАП башчысы Г.Мустапаевага, Ак-Моюн айылындагы жаңы салынып жаткан ФАПка кызыл китебин алууга жана свет койдурууга 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
12. Ак-Моюн айылдык китепканага жана Бирлик айылдык китепканага 2-жарым жылдыкка карата «Кыргыз-Туусу», «Эркин-Тоо» газеталарына жазылууга китепканага тиркемеге 3800(үч миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
13. Ак-Моюн айылдык китепканага принтер алууга 10000(он миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
14. Т.Байматовага банктык төлөм акчасына 4000(төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
15. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-2019-жылдарга карата бюджетинин прогнозунун долбоору бекитилсин (долбоор тиркелет).
16. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |