Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 27-июну № 4/2
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясына келип түшкөн
кайрылуу-арыздарды кароо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылынан салыктан түшкөн акчалар Бирлик айылынын инфраструктурасына жумшалсын деген сунушу боюнча, Бирлик айылынын айыл башчысы кийинки сессияда келип катышсын жана бул маселе боюнча маалымат берсин.
2. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган муниципалдык ишканага Ак-Моюн айылындагы эски гараждын ордунан 0,25га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Ак-Моюн айыл аймагындагы телефон байланышын жана интернет байланышын жакшыртуу боюнча Вееline, «О»мобилдик компанияларына, ошондой эле Ат-Башы – Ак-Моюн жолунун начар абалга келгенин чагылдырып, Транспорт жана байланыш министрлигине Ак-Моюн айылдык Кеңешинин жана Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн атынан кайрылуу жөнөтүлсүн.
4. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги №3/2 токтому жокко чыгарылсын.
5. Ат-Башы райондук №20 жол тейлөө ишканасынын 2016-жылдын 27-июнундагы чыгыш №111 катына ылайык, «Ат-Башы-Кында-Торугарт» автожолунун 107-чакырымындагы курулуп жаткан «Көл-Суу» көпүрөсүнүн жээктерин бекемдөө иштерине 3000,0м3 чоң таштарды керектөө үчүн Ак-Моюн айыл аймагына тиешелүү Ак-Сай өрөөнүндөгү Чатыр-Таш аймагындагы «Ак-Уч» участкасындагы эски карердин ордунан чоң таш алууга уруксат берилсин.
6. Ак-Моюн айылындагы «Шекер-Мүрөгү» ИСКАКБнын 2016-жылга карата бюджетинин долбоору жана жалпы суммасы-375000(үч жүз жетимиш беш миң) сом болуп бекитилсин.
7. Бирлик айылындагы «Бирлик-Булак» ИСКАКБнын бюджетинин 2016-жылга карата долбоору жана жалпы суммасы-159804(бир жүз элүү тогуз миң сегиз жүз төрт) сом болуп бекитилсин.
8. Ак-Моюн айылынын күн чыгыш тарабынан турак-жайга тиешелүү жер аянтынан муз тебүү аянтын уюштуруу үчүн, 0,30га жер тилкесине убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
9. Ак-Моюн айылынын жаштарына А.Койчуманов орто мектебиндеги котелду пайдаланууга уруксат берилсин.
10. Ак-Моюн айыл аймагынын таза-суу башчылары өздөрүнүн бюджетиндеги акча каражатынын эсебинен ремонт жумуштарын жүргүзүүнү аткарууга алышсын.
11. Ак-Моюн айылындагы Б.Амангулов, Сартбай кичине баатыр көчөлөрүнө таза суу линиясын узартуу боюнча ошол көчөлөрдөн казып өтүү жумуштарын аткарууга уруксат берилсин.
12. Ак-Моюн айыл өкмөтүндө иштегендердин иш сапарына акча каражаты кийинки сессияда каралсын.
13. Райондук аскер комиссариатынан 2016-жылдын 6-июнунда келген №6/287 каты боюнча 20 литр күйүүчү май бөлүп берүүгө мыйзам жол бербейт.
14. “Бирлик-Таазими” балдар бакчасынын башчысы М.Мөндүрбаева кийинки сессияда келип электр энергия төлөмү боюнча отчет берсин.
15 .“Бирлик-Таазими” балдар бакчасынын башчысы М.Мөндүрбаева РЭТ ишканасы менен убагында эсептешүүлөрдү жүргүзбөгөндүктөн, электр энергияга чыккан өсүп кеткен туум акчасын өзү төлөсүн.
16. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |