Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 27-июну № 4/4
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетине түшкөн акча каражатынан жардамга муктаж Ак-Моюн айылынын тургуну С.Аманазаровага жана Бирлик айылынын тургуну Э.Шералиевага кышка карата жардам берүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетине түшкөн акча каражатынын эсебинен, жардамга муктаж Ак-Моюн айылынын тургуну С.Аманазаровага жана Бирлик айылынын тургуну Э.Шералиевага ар бирине 2 (эки) тоннадан бардыгы 4 (төрт) тонна кышка карата көмүр алууга 14000 (он төрт миӊ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |