Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 27-июну № 4/5
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6 (алты) айында жергиликтүү бюджетине түшкөн акча каражатынан, Жайыт комитетине АРИС тарабынан каржыланып жаткан долбоор боюнча техника алуу үчүн өздүк салымына кароо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6 (алты) айында жергиликтүү бюджетине түшкөн 372 500 (үч жүз жетимиш эки миӊ беш жүз) сом акча каражатынын ичинен, 102 562 (бир жүз эки миӊ беш жүз алтымыш эки) сом акча каражаты Жайыт комитетине АРИС тарабынан каржыланып жаткан долбоор боюнча техника алуу үчүн өздүк салымына бөлүнсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |