Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5/3
Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин директору А.Исаевдин, А.Койчуманов атындагы орто мектебинин директору Э.Кадырованын кайрылуулары боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо жана Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн телефон байланышы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин компьютерлерин ремонттоо үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Моюн айыл аймагынын А.Койчуманов атындагы орто мектебине кирген 135 (бир жүз отуз беш) метр таза суу түтүгүн ремонттоо үчүн 33750 (отуз үч миң жети жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн телефон байланышы үчүн 5772 (беш миң жети жүз жетимиш эки) сом акча каражаты которулуп берилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |