Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5/4
Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы таштанды таштоочу жайларды ирээтке келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы таштанды таштоочу жайларды ирээтке келтирүү үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Моюн айылы боюнча таштанды таштоочу жайларды ирээтке келтирүү жумуштарын аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адиси Т.Макешовго милдеттендирилсин.
3. Бирдик айылы боюнча таштанды таштоочу жайларды ирээтке келтирүү жумуштарын аткаруу жагы, Бирдик айылынын айыл башчысы Б.Шарше уулуна милдеттендирилсин.
4. Финансылык которуу жумуштарын аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |