Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5/5
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын
4-июлундагы №1053 катын жетекчиликке жана аткарууга алуу үчүн,
Ак-Моюн айыл аймагынын №4024, №4025 участкалык шайлоо
комиссияларынын жаңы курамына жеке жарандардын арыздарынын
негизинде түзүлгөн жаңы тизмени бекитүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы № 4024 участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамына жеке жарандардын арыздарынын негизинде түзүлгөн тизме бекитилсин (бир барак тизме тиркелет).
2. Ак-Моюн айыл аймагынын Бирдик айылындагы № 4025 участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамына жеке жарандардын арыздарынын негизинде түзүлгөн тизме бекитилсин (бир барак тизме тиркелет).
3. Ак-Моюн айыл аймагынын № 4024, № 4025 участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамына жеке жарандардын арыздарынын негизинде түзүлгөн тизме, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |