Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5/6
Ак-Муз айылындагы «Ак-Тиле» айыл чарба кооперативинин жетекчиси М.Сайыровдун 2016-жылдын 12-июлундагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарына жана Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жазган өтүнүч арызын кароо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Ак-Тиле» айыл чарба кооперативинин жетекчиси М.Сайыров тарабынан Ак-Сай өрөөнүндөгү «Арашан» минералдык суусунун №2 бөлүмүнөн минералдык сууну, Ак-Муз айылына ташып келип иштетүүгө уруксат берилсин.
2.«Ак-Тиле» айыл чарба кооперативинин жетекчиси М.Сайыров менен Ак-Моюн айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимде төмөндөгүлөр эске алынсын:
- «Арашан» минералдык суусу жайгашкан жердин экологиялык абалын (коопсуздугун, тазалыгын ж.б.) сактоого,
- 2016-жылдын август айынан баштап, декабрь айына чейинки төрт ай аралыгында Арашан минералдык суусу жайгашкан участкага санитардык-гигиеналык талапка жооп бергидей стандарт даараткана (туалет) салууга жана жуунганга ылайыктуу жай курууга;
- 2017-жылдын жаз айлары менен «Арашан» минералдык суусу жайгашкан аймакты тосууга,
- «Арашан» минералдык суусу жайгашкан участкага Ак-Моюн айыл аймагынын жарандарынан кароолчу дайындоого жана кароолчуга айлык акы төлөп берүүгө,
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана «Ак-Тиле» айыл чарба кооперативинин жетекчиси М.Сайыров менен эки тараптуу келишим түзүү жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |