Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5/7
Ак-Моюн айыл аймагындагы А.Койчуманов жана С.Мурзакматов атындагы
орто мектебинин директорлорунун кайрылуусу боюнча 1-4-класстарга ысык
тамак берүүгө 9(тогуз) ай ичинде бир балага 2 сомдон акча каражатын карап
берүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Моюн айыл аймагынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин 1-4-класстарына ысык тамак берүү үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 57600 (элүү жети миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Ак-Моюн айыл аймагынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин 1-4-класстарына ысык тамак берүү үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 39600 (отуз тогуз миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Финансылык которуу жумуштарын аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |