Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5/8
1. Бирдик айылындагы салынып жаткан жаңы мектептин 3% салыгынан бүгүнкү күнгө «Авангард Строй» курулуш фирмасы аркылуу үч жылдан бери Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине канча акча которулгандыгы боюнча райондук финансы бөлүмүнөн суроо жөнүндө
2. Бирдик айылындагы 2015-жылдын 9-октябрында өткөрүлгөн арак сатууга тыюу салуу жөнүндө элдик чогулуштун №12/1 токтомун жана 2016-жылдын 7-мартындагы элдик чогулуштун аксакалдар сотунун жаңы курамынын бекитилиши жөнүндөгү №4/1 токтомун бекитүү жөнүндө.
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирдик айылындагы салынып жаткан жаңы мектептин 3% салыгынан бүгүнкү күнгө «Авангард Строй» курулуш фирмасы аркылуу үч жылдан бери Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине канча акча которулгандыгы боюнча райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
2. Бирдик айылындагы 2015-жылдын 9-октябрында өткөрүлгөн арак сатууга тыюу салуу жөнүндө элдик чогулуштун №12/1 токтому жана 2016-жылдын 7-мартындагы элдик чогулуштун аксакалдар сотунун жаңы курамынын бекитилиши жөнүндөгү №4/1 токтому жактырылып, бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |