Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 24-марты № 3
“Достук айылдык кеңешинин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө”
Достук айылдык кеңешинин регламентине ылайык Достук айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . Достук айылдык кеңешинин 2016 жылга түзүлгөн иш планы бекилсин.
№ | Аткарылуучу иштер | Мөөнөтү | Жоопкерлер | Кошумча маалымат |
1 | Айылдык кеңештин 2016-жылга иш планын түзүү, бекитүү | январь | Төрага |
|
2 | Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга иш планын бекитүү | январь | Жалпы депутаттар |
|
3 | Кеңештин туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүу, отчетторун угуу, отурумдарын өткөрүү. | январь, март, ноябрь | төрага |
|
4 | Бир жылда бир жолу “Ардактуу атуул” наамына татыктуу жарандарды көрсөт | февраль | Жалпы депутаттар |
|
5 | Айылдык кеңешинин 1 жылдык отчетун элге берүү. | декабрь | Жалпы депутаттар |
|
6 | 2014 жылга бюджеттин аткарылышын анализдөө. | февраль | Жалпы депутаттар |
|
7 | 2015 жылга бюджеттин чыгаша, киреше бөлүгүн бекитүү. | февраль, март | Жалпы депутаттар |
|
8 | Айыл өкмөтүнүн 6,9 айлык бюджетинин аткарылышын кароо | Февраль, март | Жалпы депутаттар |
|
9 | Эки айда бир жолу айылдык кеңештин жалпы депутуттарынын жана туруктуу комиссиялардын отурумун өткөрүп туруу. | январь, март, ноябрь | Төрага |
|
10 | Даталуу күндөрдө, майрамдарда, кесиптик майрамдарда жарандардын татыктууларын сыйлоо. | майрам-дарда | Жалпы депутаттар |
|
11 | Айыл аймагыбыздагы коомдук уюмдардын 2016ж. ичинде аткарган иштери боюнча отчетторун угуу. | ноябрь, декабрь | Туруктуу комиссиянын депутаттары |
|
12 | Эмдөө боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | жыл ичинде | Соц.маселелер бою.турук.ком. |
|
2. Иш планды аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б. Абдураимовага милдеттендирилсин.
Достук айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Узбеков |