Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 31-марты № 19/1
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт
пайдалануучулардын бирикмесинин 2014-жылга бюджетинин
аткарылышын кароо, 2015-жылга бюджетин бекитүү жана
жайыт акыларын белгилөө жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга бюджетинин аткарылышын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча комитеттин төрагасы С.Ибаковдун отчёту канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга бюджетин бекитүү жана жайыт акыларын белгилөө кийинки сессияда каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын колго алуу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |