Редакцияот 12.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVI чакырылышынын XXII сессиясынын

 

 2015-жылдын 12-сентябры № 22/3

Чөпкө чабылган аянтты арпа аянтынан бир жылдык чөп аянтына которуп берүү жөнүндө

2015-жылы 477 гектар арпа өсүмдүгү айдалган дыйкандардын жер үлүшү аз балгандуктан жана малдын башы өсүп, тоюттун запасын даярдоо максатында 264 гектар арпа чөпкө чабылган.  Жогорудагылардын негизинде Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын 8-сентябрь 2015-жылдагы актысынын негизинде 264 га арпа аянты 1 жылдык чөп аянтына которулсун.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага

 

Ж.Жакыпов