Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-декабры №199/33-5
2011-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарууда киреше бөлүгүнүн пландан ашык түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
2011-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарууда пландан ашыкча түшкөн каражаттан 1436,3 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү “Бюджет жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги принциптери” мыйзамынын 17-беренесин аткарууга алып, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда пландан ашыкча түшкөн каражаттан 1436,3 миң сом акча каражаттын төмөндөгү мекеме уюмдарды каржылоого макулдук берилсин:
2. Талас шаардык билим берүү бөлүмүнө электр энергияга төлөм үчүн 300,0 мин сом, мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү үчүн ар кандай чыгымдарга 50,0 мин сом акча каражаты.
3. Талас шаардык социалдык коргоо башкармалыгына жол чыгымдары үчүн 5.0 мин сом акча каражаты.
4. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө видео камера алуу үчүн 20 миң сом акча каражаты.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Байталиевге) тапшырылсын.
Төрага | А. Джусупбеков
|