Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-декабры №198/33-5
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2011-жылдагы 11 айынын аткарылышы жөнүндө
Талас шаарынын 2011-жылдагы 11 айынын жергиликтүү бюджеттин аткарылышын карап чыгып депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2011-жылдагы 11 айынын жергиликтүү шаардык бюджеттин аткарылышын официалдуу трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 107167,5 миң сом суммасында анын ичинде мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 41410,0 мин сом көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 100672,3 мин сом суммасында бекитилсин.
2. 2011-жылы 11 айынын жергиликтүү бюджетин аткаруу учурунда мамлекеттик салыктар жана салык эмес кирешелер планга карата 1436,6 мин сомго ашык аткарылышы бекитилсин.
3. Талас шаарынын мамлекеттик салык кызматы боюнча башкармалыгынын башчысы (Жайнаков А.А) 2011 жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше булагын аткарууну камсыз кылсын.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык «Жаңы багыт» газетасына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы шаардык кенештин бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Байталиевке) тапшырылсын.
Төрага | А.Джусупбеков
|