Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 4-августу № 25/18-62
Кайыңды айылдык округдук кеңешинин төрагасы Сулайманов Кеңешбек Көкөевичти өз калоосу менен төрагалык милдетинен бошотуу боюнча арыз бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодекснин негизинде Кайыңды айылдык округдук кеңешинин төрагалыгына 1- кандидатура сунушталды
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шайлоо – ачык добуш берүү жолу менен өткөрүлдү.
Мураталиев Абдумиталип Сатиповичке добуш берилди:
Макул-10, калыс-жок, каршы-жок
Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодекснин негизинде Кайыңды айылдык округдук кеңеши токтом кылат:
1.Кайыңды айылдык округдук кеңешинин мурдагы төрагасы Сулайманов Кеңешбек Көкөевичтин арызы канаттандырылсын.
2.Кайыңды айылдык округдук кеңешинин төрагалыгына Мураталиев Абдумиталип Сатипович шайлансын.
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Манас райондук кеңешинен суралсын.
Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Мураталиев
|