Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 4-августу № 25/18-64
Кайынды айылдык округдук кеңешинин ченемдүү укуктук актыларын мыйзамдаштыруу боюнча
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы «Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамынын 27- беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын аппараты катташат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009 –жылдын 8-декабрындагы № 743 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирин жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 4,5 пунктарынын негизинде, мамлекеттик реестирди жүргүзүү мамлекеттик жана расмий тилде электрондук жана кагаз формаларында Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги тарабынан жүргүзүлөт
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын нормативдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү нормативдик укуктук актылар жарыяланган күнү жарыяланүү булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук сакталгычтарда (дискте), мамлекеттик жана расмий тилде эки нускада Юстиция министирлигинин тиешелүү облустук башкармалыгына аларды каттоону жүргүзүүшкөн органдар тарабынан жиберилет.
- Талас облустук Юстиция башкармалыгынан 2010-жылдын 03 ноябрындагы № 01- 18/487 катын аткаруу максатында, 2011-жылдан баштап Юстицияга жана Манас райондук « Манас жарчысы» гезитинин редакциясына, жазуу түрүндө жана электрондук сакталгычта тапшыруу үчүн, Кайыңды айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык округдук кеңешинин ченемдк укуктук актыларын мыйзамдаштыруу үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жагы, айылдык округунун башчысы
М.Мызаевке милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенешинин бюджет боюнча тармактык комиссиясынын төрагасы Б.Алымбаевке дайындалсын.
Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мураталиев
|