Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 12-ноябыры,№ 25/19-66
Кайыңды айылдык округунун эсебине «Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик коомунан, демөөрчүлүк жардам катары келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча
Кайынды айылдык округунун эсебине 163 миң сом акча каражаты «Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик коомунан, демөөрчүлүк жардам катары келип түшкөн, жыл этектеп жаткандыгына байланыштуу банктагы эсептер жабылат, ошол себептен бул акча каражатын пайдалануу боюнча маселе каралып, сессияга кайрылуу менен келген Арал,Чечдөбө айылдарынын жаштардын өкүлдөрүнүн пикирлерин угуп, Кайыңды айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кайыңды айылдык округунун эсебине «Мекс-Ресурс» (ЗАО) жабык акционердик
коомунан, демөөрчүлүк жардам катары келип түшкөн акча каражатын пайдалануу боюнча маселени жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы төмөндөгү депутаттык комиссяга дайындалсын:
1.Кекеев Бакыт Оңолбекович
2.Абдрахманов Зоотбек Кеңешбекович
3.Алымбаев Базаркул Бакирович.
2.Жаштардын жана элдин арасында түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы 1 декабрга чейин айылдык округдук кеңешине жазуу жүзүндө билдирүү жагы а\округдук кеңешинин бюджеттик тармактык комиссясынын төрагасы Б.Алымбаевке дайындалсын.
Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мураталиев |