Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-ноябыры,№25/19-67
Кайыңды айылдык округунун аймагында АО «Кыргыз Тоо-Таш» ишмердүүлүгү боюнча түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча
Кайыңды айылдык округуна караштуу Арал айылындагы АО «Кыргыз Тоо-Таш», гранит ташын иштетүү боюнча ишкасы, айыл өкмөтү менен 2000 жылдан бери 20 жылдык келишим түзгөн, келишимдин негизинде айыл өкмөтүнө жылына ижара акысы 13860 сом төлөнүп турат. Ушул убакытка чейин фирма тарабынан, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүнө эч кандай демөөрчүлүк жардам берилген жок. Оор жүк ташуучу автомашиналар айылдын жолдорун бузуп,аска таштарды жардыруу учурунда экологияга зыян келтирилип, булактардын башы жабылып, малдын жайыттарына канчалаган тоскоолдук болуп жатат. Айылдык округу менен АО «Кыргыз Тоо-Таш» фирмасынын ортосундагы түзүлгөн келишимди өзгөртүү боюнча Кайыңды айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кайыңды айылдык округу менен АО «Кыргыз Тоо-Таш» фирмасы менен түзүлгөн келишимге кошумча 150 миң сом акча каражаты каралып, өзгөртүү киргизилсин.
2.Айылдык округунун ФЭ бөлүмүнүн башчысы ( А.Субанбековага) тиешелүү документтердин негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше булагына өзгөртүү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы а\округдук кеңешинин бюджеттик тармактык комиссясынын төрагасы Б.Алымбаевке дайындалсын.
Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мураталиев |