Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 5/2
Айыл тургундарына Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү справкаладан алынуучу мамлекеттик пошлиналарды бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылы берилүүчү справкалардан алынуучу мамлекеттик пошлиналарды бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан 2017- жылы берилүүчү төмөндөгү справкаларга женилдиктер берилсин жана мамлекеттик пошлина төлөөдөн жеӊилдиктер берилсин жана бошотулсун.
-Аскер комиссариатына берилүүчү справкаларга;
- пособие чектөө боюнча соц жардамга берилген справкаларга;
- паспорт алууга берилген справкаларга;
- Укук коргоо органдарына берилүүчү справкаларга;
- пособие, пенсия алууга берилген ишеним кат үчүн;
2. Төмөндөгү берилген справкаларга, мамлекеттик пошлина алынсын.
- Ар кандай кредит берүүчү мекемелерге жана башка мекемелерге берилген справкалардын баардык түрүнө - 5 сомдон.
- Мал сатууга берилүүчү справкаларга:
Майда жандык кой-эчкиге берилүүчү справкага – 5 сомдон;
Ири мүйүздү малдарга жана жылкыларга берилүүчү справкага – 10 сомдон
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөт башчы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | А. Бектемиров |