Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 33/2
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардын мезгилине чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиялык долбоордун алкагында «Мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыттарды ыраттуу пайдалануу» багыттарын талкулоо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардын мезгилине чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиялык долбоорунда Нарын райондук мамлекеттик админстрациясынын 2016-жыл 19-майындагы №87-буйругуна байланыштуу «Мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыттарды ыраттуу пайдалануу»-долбоордун алкагында иш алып барууда, элдин сунушунунун негизинде жана депутаттардын макулдугу менен айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбөлү айыл аймагында мал чарбасын өнүктүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыттарды эфективдүү, жамааттык жана туруктуу башкаруу максатында алыскы жайыттарга айыл тургундарынын малын баккан майда фермер малчыларды отурукташтыруу менен чарбалардын потенциалын жогорулатуу иш аракеттери жүргүзүлсүн.
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жана ЖКнин жылдык, орто мөөнөттүү пландарыжакшыртылып колдо бар жайыт ресурстарын, чек араларын тактоо, муктаждыктардыаныктап чечүү механизимдери жөнгө салынсын. Алыскы жайыттарды пайдалануу
максатында Тарагай жайлоолорунда эски сарай кыштоолордун ордулары такталып тургундардын кайрылууларына жараша бөлүнүп берилсин.
3.Дөбөлү айыл өкмөтүндө Ветеринардык санитардык тейлөө кызматтарына инфраструктуралары жайгашчу жер аянттары ветеринардык талаптарга ылайык бөлүнүп берилсин.
4. Тиешелүү иш кагаздарды даярдоо, маалыматтарды берүү Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Токталиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөт башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | К. Исакова |