Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу № 34/3
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын тургундарынын суроо талаптарын канааттандыруу максатында. ФАПтын имараты эскилиги жеткендиктен жана айылдык депутаттардын маалыматтарын угуп, талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин кезексиз сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын тургундарынын суроо талаптарын канааттандырылсын.
2. Дөбөлү айылына ФАПтын жаңы имаратын куруу үчүн клубдун күн батыш тарабынан 0,05га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Тийишгүү курулуш иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Нарьш райондук шаар курулуш жана архитектура башкармасынан суралсьш.
4. Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К. Исакова |