Редакцияот 29.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы

 

2016-жылдын 29-сентябры № 36/1

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айыл окмотунун 2016-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У Алсейитов билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көмүр сатып алууда тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн 182800 сом акча каражаты төмөндөгү сгатьяларга жылдырылып берилсин:

-Дөбөлү айылында салынып жаткан ФАП тын имаратынып курулушуна техникалык көзөмөл кызматын көрсөтүүгө 1000 сом;

-Дөбөлү айылында салынып жаткан ФАП тын жеринин топосъемкасын жана жер кыртышып инженердик изилдоолорун жургузууго 20000 сом;

-Дөбөлү айылында салынып жаткан ФАП тын проектисин түзүүгө 28000 сом:

-Архитектурага 9800 сом;

-Мебель сатып алууга 30000 сом;

-Ноутбук 2 шт сатып алууга 60000 сом;

-Автомашинанын запастык бөлүктөрун сатып алууга 20000 сом;

-«Нарын телеком» ишканасына байланыш кызматтары үчүн 5000 сом;

2. Тиешелүү документгерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Исакова