Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 18-сессиясы
2015-жылдын 27-февралы № 18/2
Ак-Тал айыл өкмөтүнөн берилүүчү маалымдамалардын тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Байбагышованын билдирүүсүн жана депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, депутаттарынын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айылы өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Байбагышованын билдирүүсүнө ылайык айыл өкмөтүнөн берилүүчү маалымдамалар - (баардык түрү боюнча) 5 (беш) сомдон деп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү 4 главасынын 28-статьясына ылайык мамлекеттик пособиелерди дайындоо үчүн керектүү маалымкаттар акысыз берилсин.
3. Берилген маалымдамалардын акчасын Ак-Талаа райондук РСК Банкка (Ак-Тал айыл өкмөтүнүн атайын каражатка) төгүп туруу жагы жооптуу катчы М.Байбагышовага милдеттендирилсин.
4. Төгүлгөн акчаны өз максатында ( канцтовар) пайдалануу жагы ФЭБ.башчысы Б.Шакировага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Аалыбаевге тапшырылсын.
Төрага | М. Алыбаев |