АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз 19-сессиясы
2015-жылдын 27-апрели № 19/3
Ак-Тал айылынын жашоочусу Иманкулов Бакытбек Токтосуновичтин арызы жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын жашоочусу Иманкулов Бакытбек Токтосуновичтин арызын угуп жана талкуулап Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагынын жашоочусу Иманкулов Бакытбек Токтосуновичтин арызы канааттандырылып, Ак-Тал айыл аймагынын ички жайлоосундагы “Чат” участкасынын № 737 контурунда жайгашкан, деградацияга туш болгон жер участогу сарай салуу үчүн берилсин.
2. Курулуш куруучуга уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынаары эскертилсин.
3. Токтом боюнча тиешелүү документтерди даярдап, мыйзам чегинде иш жүргүзүү арыз ээси Иманкулов Бакытбек Токтосуновичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Аалыбаевге тапшырылсын.
Төрага | М. Алыбаев |