Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 221
“Жер-Үй” Алтын кени тарабынан киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн милдетин аткаруучу М.Стамалиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. ”Мектептеги окуучуларды тамактандырууну оптималдаштыруу программасынын “алкагында 2014-2015-окуу жылында Г.Орозалиева, Жумагул уулу Алымкул, А.Бөрүбаев атындагы орто мектептердин ашканасынын ремонтунун карыздарын төлөө үчүн жеке ишкер Керимбеков Т. 138 420 ( жүз отуз сегиз миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |