Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 222
“Жер-Үй” Алтын кени тарабынан киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө
Күн тартибине коюлган 28.07.2016-жылдын Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын жалпы элдик жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айылындагы ФАП, почта жана китепканага ремонт жүргүзүү үчүн түзүлгөн сметадага ылайык 1 364 000 (бир миллион үч жүз алтымыш төрт миң) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |