Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 232
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн милдетин башчысынын милдетин аткаруучу М.Стамалиевдин кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн милдетин башчысынын милдетин аткаруучу М.Стамалиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Талас районунун архитектура тарабынан келген 17- калктуу конуштардын башкы ген.пландарын даярдоо үчүн түзүлгөн сметада, анын ичинен Бекмолдо айыл өкмөтү боюнча:
Сасык-Булак айылына 415 138 сом, Кара-Ой айылына 428 476 сом, Кеңеш айылына 390 182 сом, Чон-Токой айылына -380 182 сом.
Жалпы: 1 613 978 (бир миллион алты жүз он үч миң тогуз жүз жетимиш сегиз) сом акча каражаты бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |