Редакцияот 22.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын 22- сессиясы

 

2016-жылдын 22-февралы № 4

Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүндө калган калдык акча каражатын пайдалануу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жолочиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2016-жылга атайын каражаттан калган 162 000 сом калдык акча каражаты «Эмгекчил-Келечеги» бала бакчасынын тамак-ашына жумшалсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Мусаев