Редакцияот 19.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 19-марты № 1

Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлигинин Зордук-зомбулукту алдын-алуу боюнча тапшырыктын алкагында «Элет айым» Коомдук бирикмесинин «Ар бир айылда тынчтык жана бейпилдик» долбоорун ишке ашыруу боюнча сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгекчил айылындагы ата-энесиз,жакындарынын колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма көзөмөлгө алынсын.

2. Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. 

3. Жаш жубайлардын нике күбөлүгүн алуу жана берүү көзөмөлгө алынсын. 

4. Айылдык ыймамдар тарабынан ала-качып келген кыздын макулдугуусуз нике кыюуга тыюу салынсын. 

5. Чыр-чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз өткөрүү колго алынсын. 

6. Эмгекчил айылынын дүкөндөрү тарабынан кечки саат 20 ᴼᴼ дөн кийин . 18 жашка толо элек балдарга спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салансын. 

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы аялдар кенеши,аксакалдар соту,карыялар кенеши,жаштар уюму,өкмөттүк эмес уюмдар,ден соолук комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Мусаев