Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралы № 1
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жылдын башынан калган акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Н.Мусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына калган калдык акча каражаттан АРИСтин (мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1) долбооруна 950 000 сом айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн атайын (спец) техника сатып алууга бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Нарын башкармалыгынан суралсын.
3. Бөлүнгөн акча каражаттын туура жана өз максатында чыгымдалуусу финансы-экономиака бөлүмүнүн башчысы Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Курманалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | И. Муканбетов |