Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 3
Достук айыл өкмөтүнүн 2017-жылга курулуучу долбоорлорго акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Эл депутаттарынын Достук айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн борбордук ооруканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинен 933188(тогуз жүз отуз үч миң бир жүз сексен сегиз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин
2. Достук айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинен1265619(бир миллион эки жүз алтымыш беш миң алты жүз он тогуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-сай айылынын Адыр участкасына ФАП куруу үчүн Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинен 500000(беш жүз)миң каражат ажыратылып берилсин.
4. Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-сай айылына күрөш залын куруу үчүн Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинен 294815(эки жүз токсон төрт миң сегиз жүз он беш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин
5. Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-туу айылынын Алимбек-ата көчөсүнө асфальт төшөө үчүн 158700(бир жүз элүү сегиз миң жети жүз) сом каражаты ажыратылып берилсин.
6. Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-сай айылынын тигүү цехин куруу үчүн Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинен 250000(эки жүз элүү) миң сом каражат ажыратылып берилсин.
7. Достук айыл өкмөтүнүн Достук айылынын мектебинин проектин даярдоо үчүн Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300000(үч жүз) миң сом каражат ажыратылып берилсин.
8. Каражатты бөлүп берүү жагы Достук айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У.Бегбаевага милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
|
Төрага | А. Бекибаев |