Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 13
Үч-Капчал айылынын тургуну Акбарали кызы Айчүрөккө социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Үч-Капчал айылынын тургуну Акбарали кызы Айчүрөк учурда республикалык “Энени жана баланы коргоо” борборунда өнөкөт бөйрөк оорусунун бешинчи стадиясы менен жабаркап гемодиализ менен жашап жаткандыгы жана ага операция жолу менен бөйрөк салуу үчүн айыл өкмөтүнөн жардам сурагандыгы жөнүндө Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясынын сунушун угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Капчал айылынын тургуну Акбарали кызы Айчүрөккө Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан операция жасатууга социалдык комиссясынын сунушуна ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каржатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “социалдык маселелер,билим берү,маданият,саламаттыктты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча” боюнча туруктууу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Х. Каныбаев |