Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
2017-жылдын 27-январы № 2
“Талаа-Булак таза суу” долбоору жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Талаа-Булак айылында “Талаа-Булак таза суу” долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси А.Чоноевдин элдин 230 000 (Эки жүз отуз миң) сом айыл өкмөттөн бөлүнгөн 40 000 (Кырк миң) сом салымынын эсебинен даярдалган “Талаа-Булак таза суу” долбоорунун документтерин карап, маалыматын угуп, талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо үчүн даярдалган “Талаа-Булак таза суу” долбоору колдоого алынсын.
2. Долбоорду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго, “Талаа-Булак таза суу” долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси А.Чоноевге тапшырылсын
Төрайым | Т. Наримбетова |